«УКМКнын кызматкерлери» Россиянын жарандарын тоноп кетишти

Чүйдө өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган жарандар Россиянын жарандарын тоноп кетишкен. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 17-сентябрында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Россиянын жарандары арыз менен кайрылышкан. Алар өз арызында Бишкек-Торугарт унаа жолунда белгисиз адамдар “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа менен келишип, УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, документтерин жана сумкаларын текшеришип, 10 миң рубл акчаны алып алгандыгын  жазышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр УКМКга тиешеси жок экендиги аныкталган. Издөө иштери жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз