Камчы Көлбаев кайсы иш боюнча суракка баргандыгы аныкталды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары чакырылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага арыз менен З.И аттуу жаран кайрылган. Арыз жазган жаран 2007-жылы Жайыл районунун аймагындагы заводго ири суммадагы акча сарптап, заводдун 45 пайызына ээлик кылып калган. Заводдун башка акционерлери арыз жазуучуга айтпай, тишелеүү документтер жок ири суммадагы  кредитти банктан алып алышкан. Арыз ээси шылуундарга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган.

Банктан кредит алган заводун акционерлеринин бири  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атын атап арыз ээсин коркуткан. Буга байланыштуу Камчы Көлбаев күбө катары суракка чакырылган.

Териштирүү иштери жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз