Кыргызстанда 87 миӊ 454 баланын ата-энеси мигрант

Өткөн жылы эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу кылмыштар көбөйүп баратканы байкалган. Мисалы, мигранттардын балдарына каршы 425 кылмыш жасалса, алардын балдары тарабынан жасалган 644 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулуп жатканда белгилүү болду.

2018-жылы Акыйкатчынын аппарат кызматкерлери 15 жолу жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдаган кылмыш фактылары боюнча жерине барып, алардын чоо-жайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тактаган. Ал эми акыйкатчынын борбордук аппараты менен анын аймактык бөлүмдөрүнө балдарга карата жасалган кылмыш фактылары боюнча 11 арыз келип түшкөн. Алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн.

«Ушу тапта Кыргызстандын аймагынан тышкары 719 миӊ жаран жүрөт. Өлкө аймагында эмгек мигранттарынын 87 миӊ 454 бала бар. Биз алар менен чет өлкөлөрдүн аймагында да иш жүргүзүп жатабыз», — деди акыйкатчы Токон Мамытов.

fakt.kg

Бөлүшүңүз