Президент пара талап кылган чиновникти атууга уруксат берди

230

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте жарандарга  пара талап кылган чиновниктерди атып салууга уруксат берди. Бул  тууралуу чет элдик маалымат булактар  жазып чыкты. 

“Эгер сиз салык төлөп жатсаңыз, сизден пара талап кылганды уруп салыңыз же болбосо атууга уруксат берем. Бирок, өлтүрбөгүлө! Өлтүрсөңөр мен сотто силерге ырайым кыла албай калам”, — деп билдирген Дутерте.

Дутертенин айтымында, чиновникти аткан адам бир гана денеге залака келтирди деген  мыйзамга жооп берет. Түрмөгө отурбайт.

Эскерте кетсек, Родриго Дутерте Түштүк Кореяда  күйөөсү бар мекендешин оозунан өпкөн.

fakt.kg

Бөлүшүңүз