Чүйдө оорукананын терезесинен Россиянын жараны секирип кетти

83

Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаштагы киши төртүнчү кабаттан секирип кетип, каза болду.  

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болгон. Кара-Балта шаарынын 65 жаштагы тургуну борборго тамчылатма ийне сайдырууга келген.  Ал Россиянын жараны.

Бейтапты  медайым кабыл алып, палата жаткырып коюп, өзү керектүү каражаттарды алып кетүүгө  башка кабинетке чыгып кеткен. Медайым болжол менен 5 мүнөткө жетпеген убакта кайра келип, бейтапты таппай калган. Чыгып кеткен деп ойлоп, күтүп отурса, медайымга оорукананын алдында бир киши жатканын, болжол менен ал терезеден секиргенин айтышкан.

Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. 65 жаштагы киши өзү секирип кеткендиги видео байкоого түшүп калган.  Маркум жалгыз жашап жүргөн. Жалгыз уулу Россияда турат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз