Адамдын жүзүн тааныган 800дөй видеокамера коюлду

146

Өкмөт тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашты, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн төрагалыгы алдында өткөн Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында билдирди.

Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 % азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз