Чүйдө 5 миллион сом уурдагандар кармалды

273

Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы үйлөрдүн үйүнө кирип ичинде 5 140 000 сом акчасы бар сейфти уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык, кылмыш 2019-жылдын 24-апрелинде болгон. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө  сейф Аламүдүн районунда табылган. Ичинен документтер гана табылган. “Коопсуз шаар”  долбоорунун камералары аркылуу шектүүлөрдүн автоунаасы аныкталган. Шектүүлөр Ысык-Көл облусунун аймагына кармалышкан. Дагы эки шектүүнүн өздүгү аныкталып, издөөгө алынган.

fakt.kg


Бөлүшүңүз