Депутат Абылгазиевдин балдызынан кечирим сурабайт

123

Жогорку Кеңештин  депутаты Евгения Строкова «Эргене» коомдук фондунун жетекчиси  Таалайгүл Сабырбековадан кечирим сурабайт.

“Мен 1 миллион сомду өмүр бою төлөсөм дагы кечирим сурабайм. Мен чындыкты айткам” ,-деп билдирди депутат.

Эскерт кетсек, Таалайгүл Сабырбекова жалган маалымат тараткандыгы үчүн депутаттан  миллион сом же расмий түрдө кечирим сурашын талап кылууда.

Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгерлердин митингге чыгышынын артында Таалайгүл Сабырбекова турганын билдирген.

Талайгүл Сабырбекова өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аялынын бир тууган сиңдиси.

fakt.kg

Бөлүшүңүз