Кой-Ташта эл айыл өкмөтүнө чогулду

858

Бүгүн акыйкатчы  Токон Мамытов  Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары менен жолукмак. Бирок, жолугушуу болбой калды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик  эл көп болуп кетет деп корккондуктан жолугушууну омбудсмендин аппаратынын  имаратына которушкан.

“Бүгүн, 12-сентябрда жабырлануучулар менен омбудсмен жолукмак.  Айыл тургундары айыл өкмөтүнүн имаратына чакырышкан. Эл көп болуп кеткендиктен жергиликтүү бийлик коркуп кетип, милиция кызматкерлери келишти”,- деп билдирди Жолдубаева.

fakt.kg

Бөлүшүңүз