Якутияда кыз зордуктаган кыргыз жаранына сот өкүм чыгарды

278

Якутияда кыз зордуктоого айыпталган кыргыз жараны 14 жылга кесилди. Бул тууралуу yakutia.info сайты жазып чыкты.

Сот негизги айыпталуучуну 14 жылдык мөөнөткө катаал тартиптеги абакка кести. Калган эки шериги төрт жана алты жыл жалпы режимдеги түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. 

Эскерте кетсек, 17-мартта Якутск шаарында кыргыз жараны зордуктоого шектелип кармалган. Үч мигрант аялды зордоп уунага салып кетип, зордуктаганы айтылат. Бул маалыматтан кийин Якутияда кыргыздар каршы митинг өттү.

Социалдык тармактарда коомдук жайларда кыргызстандыктарга коркутуп-үркүтүп, уруп согуулар болуп жатканы айтылат.

Бөлүшүңүз