1000 доллар пара алды деп кармалган комиссар кызматын улантат

1000 доллар пара алды деп кармалган Баткен облусунун  Кадамжай  районунун аскердик комиссары эркиндикке чыгып, кызматын өтөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссардан табылган 175 миң сом акча пара болуп эсептелбейт. Ал өз арызында көрсөткөндөй, автоунаасын бир нече күн мурда саткан. Тергөө иштери аяктаганга чейин комиссар кызмат ордунда болот.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Тоң районунун жашоочусу аталган райондун аскердик комиссары андан 1000 доллар пара алып, аскердик билет алып бергенин, документ жасалма чыгып калганын билдирип арыз менен кайрылган. Арыздануучу кызматкер акчасын кайтарып бербей жатканын да билдирген.

Иликтөө учурунда аскердик комиссар Тоңдо иштегени такталып, кийин Кадамжай районуна которулуп кеткени аныкталды.

Атайын операция учурунда аскердик комиссар мурда алган парасынын бир бөлүгүн (20 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда Кадамжайда кармалды. Кармоо учурунда ал күнөөсүн мойнуна алды жана анын иш бөлмөсүнөн ири өлчөмдөгү акча каражаттары алынды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз