Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаев менен жолугат…

1341

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков  мамлекеттик резиденцияга чакырды.

Жолугушуу 14-сентябрда саат 17.00дө башталат. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, Убактылуу өкмөттүн курамына  Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмурбек Текебаев, Темир Сариев, Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дуйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков кирет. Жолугушууга Алмазбек Атамбаев бара албайт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз