Тогуз-Торо- Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

54

Тогуз-Торо- Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болду.

Адамдардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында, Тогуз-Торо районунун акиминин 10-сентябрдагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо—Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз