Өткөн айга салыштырмалуу экономиканын өсүү темпи бир аз солгундады

39

Ички дүң продуктуну, алдына ала баалоо боюнча, 2019-жылдын январь-августунда 334 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,2 пайызга өстү.Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсептебегенде, 2019-жылдын январь-августунда ИДП 298 миллиарддан ашык сомду түздү жана 3,0 пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 17,0 пайызга өстү,бул негизинен металл өндүрүүнүн (42,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (36,1 пайызга), металл рудаларын казуунүн (27,6 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газынын (15,6 пайызга), химиялык продукцилардын (11,2 пайызга), ошондой эле көмүр казуунун (6,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.   

Айыл чарбасында, анда анын көлөмдөрүнүн өсүшү 1,6 пайызды түздү, курулушта – 7,8 пайызга, дүң жана чекене соода тармактарында — 4,9 пайызгаөсүшү менен оң тенденциялар катталды.  

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырганда)  керектөөчү баалар жана тарифтержалпы республика боюнча 0,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) Ош шаарында (1,1 пайызга) жана Талас облусунда (0,1 пайызга) керектөөчү баалардын жана тарифтердин төмөндөгөнү байкалган. Муну менен катар, баалардын эң жогорку өсүшү (2,0 пайызга) Баткен облусунда катталды, анда башка региондорго салыштырмалуу, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,7 пайызга), ошондой эле Ысык-Көл облусунда (2,0 пайызга), анда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (4,6 пайызга) баалардын өсүшү  катталган. Кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын жана тарифтердин Нарын облусунда (2,5 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга — Ысык-Көл облусунда  (0,3 пайызга) максималдуу өсүшү белгиленген.

Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү,алдына ала маалыматтар боюнча,  2019-жылдын январь-июлунда 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 

Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-июлунда 1,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9,5 пайызга азайды.  Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн 20,1 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөрдүн 6,1 пайызга төмөндөгөнү белгиленди. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россига (59,9 пайызы) жана Казакстанга (37,9 пайызы) туура келди. 

Мындан тышкары, катышуучуларга 2019-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү тууралуу, ошондой эле республиканын ички миграциясы тууралуу маалымат берилди. 

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналуучу Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы тууралуу керектүү маалыматтар менен камсыздайт.  

fakt.kg

Бөлүшүңүз