Исаков: «Ата-эне баласы үчүн берген акчанын эсебин билиш керек»

45

Бүгүн Жогорку Кеңеш Каныбек Исаковдун талапкерлигин Билим берүү жана илим министрлигине карап жатат.

Депутат Дастан Бекешев билим берүү жана илим министр кызматына талапкер Каныбек Исаковдон мектептеги ата-энелер фондуна карата көз карашы кандай экенине кызыкты.

Каныбек Исаков бул маселе боюнча көптөн бери ойлонуп жүргөнүн айтты. «Мамлекетте мүмкүнчүлүк болсо фонддорду жойсо болот. Ачык-айкындуулукту камсыз кылыш керек. Ата-эне баласы үчүн берген акчанын эсебин билиш керек», — деди Исаков

Мындан сырткары, «Билим берүү тармагындагы коррупцияны тазалоо үчүн министр өзү таза болуусу керек. Биринчи кезекте үлгү көрсөтүп, кийин башкалардан талап кылабыз», — деп белгиледи Исаков.

fakt.kg

Бөлүшүңүз