Аскердик комиссар пара менен кармалды (Видео)

135

Баткен облусунун Кадамжай районунун аскердик комиссары 1000 доллар пара алып, жасалма документ жасап берген  деген шек менен кармалды.Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн Тоң районунун жашоочусу аталган райондун аскердик комиссары андан 1000 доллар пара алып, аскердик билет алып бергенин, документ жасалма чыгып калганын билдирип арыз менен кайрылган. Арыздануучу кызматкер акчасын кайтарып бербей жатканын да билдирген.

Иликтөө учурунда аскердик комиссар Тоңдо иштегени такталып, кийин Кадамжай районуна которулуп кеткени аныкталды.

Атайын операция учурунда аскердик комиссар мурда алган парасынын бир бөлүгүн (20 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда Кадамжайда кармалды. Кармоо учурунда ал күнөөсүн мойнуна алды жана анын иш бөлмөсүнөн ири өлчөмдөгү акча каражаттары алынды.

Бөлүшүңүз