Атасынын унаасын уруксатсыз алган окуучу иниси менен каза болду

480

Кечээ, 10-сентябрда  Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгынан 2 мектеп окуучусу каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башка башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган бала туугандарынын Nissan Cefiro уунасын уруксаты жок айдап кетип, бакты сүзүп алган. Жыйынтыгында 14 жаштагы айдоо жана 7 жашар бала каза болушкан. Дагы бир 17 жаштагы жүргүнчү оор абалда ооруканага жаткырылган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз