Боронов депутатка: “Өкмөт кимди иштен алат өзү чечет”

534

“Кыргызалтындын” айланасында ар дайым ызы-чуу болуп келген. Эч кандай маселе жаралбай калса да, эптеп бир нерсе таап чыгыш керек. Жогорку Кеңеште Отун-энергетикалык комплекс жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин отурумунда «Кыргызалтын» ААКнын төрагасы Алмаз Алимбековдун жыйынга келбей койгону үчүн депутаттар кызматтан кетсин деп чечишкен.

Бирок, кийинки комитет жыйынына «Кыргызалтын» ААКнын төрагасы Алмаз Алимбековдун катышып жатканын көрүшүп депутаттар нааразы болушту. Депутаттардын сунушун көңүлгө албай “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей эле мамиле кылып жооп кайтарып салды. Жыйынга келбесең да, келсең да тозок болуп калды окшойт. Депутат Бактыбек Турусбеков өкмөткө «Кыргызалтындын» башчысын кызматтан четтетүү сунушун бергенин эскертти. «Бүгүнкү отурумда ал катышып жатат, бирок биз аны иштен бошотууну чечкенбиз да. Баабызды бергенбиз. Эми бул жакта отурат, анын буга моралдык укугу барбы?», -деп суроо салды.

Ал эми, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Сиздер өз сунушуңарды бердиңер. Өкмөт кимди иштен алат өзү чечет” –деп билдирди. Ошондой эле, депутат Кожобек Рыспаев “Эмне үчүн өкмөт Алмазбек Алимбековду эркелетип жатат, түшүнбөй турам? Алмазбек Алимбеков бул жылдар аралыгында эч нерсе жасаган жок. Кытайлык компаниянын жардамы менен араң «Макмалдагы» ишти баштады», -деп нааразы болду.

fakt.kg

Бөлүшүңүз