“Өз баласын көчөдө тепкилеп, кыздарды зордуктап…”

493

Жаштар арасындагы зөөкүрлүк, зомбулук жана бири-бирин аябаган мыкаачылыктын аягы бирин өмүр бою майып кылса, биринин тагдыры талкаланып, түрмөгө түшкөн фактылар көп катталууда. Буга коомдогу социалдык көйгөйлөр, бирдиктүү идеологиянын болбой жатышы сыяктуу себептерди айтабыз. Бирок, адамдардын өздөрүнүн кадамдары, сабырдуулугу жана үй бүлөдөн алган тарбия, мыйзам менен жашоого үйрөнүү деген жагдайлар экинчи планга калып келет. Бул тууралуу FAKT.KG Психолог, Үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунун жетекчиси Эрика Сманбекова менен маек курду.

-Эрика Тимуровна, айтсаңыз бүгүнкү күндө Кыргызстанда, айрыкча соңку күндөрү көпчүлүктүн үрөйүн учуруп же коомчулукка чоң талкуу жараткан окуя, Бишкектеги үрөй учураган мушташ болду. Ушундай мыкаачылыкты алдын алуу багытта кандай аракеттерди жасоо керек. Эмне себептен балдар ушундай ишке барып жатат деп ойлойсуз?

-Чындыгында эл пикирин көзгө илбеген терс көрүнүштөр аябай көп болуп жатат.Эң биринчи укук коргоо органдарын реформалоо керек.Өз баласын көчөдө тепкилеп, кыздарды зордуктап, өспүрүмдөрдү сабагандар дагы аз эмес.

Мындан сырткары,  күнөөсүз адамдар камалып, айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү каалаганын жасап, тайраңдап жүрүшсө, каяктагы мыйзам, демократия, укук? Паракорлук, зөөкүрлүк, бейбаштыктын булагы эч кандай жазасын тартпагандыгы да.

-Ошол эле учурда Кыргызстанда өзүңүз көрүп жатасыз, мыйзам иштейт да. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзам менен жашаш керек деген нерсени жеткире билүү кимдин милдети болот?

-Коом, айлана-чөйрө былгып турса, үй-бүлө да, мектеп да, борбор да алсыз.Биринчиден, мыйзамдуу өлкөдө мыйзам менен жашаш керегин эң биринчи ата-эне, үй-бүлөдөн баштоо керек. Экинчиден, Билим берүү министрлиги,бала бакча, мектеп жана башкалар.Үчүнчүдөн, Массалык маалымат каражаттар, интернет тармактарында пропаганда жүргүзүү керек.

 -Мыйзамдык базаны бекемдейбизби же жоопкерчиликти көтөрөбүзбү .Эми кантип ишке ашыра алабыз?

 -Билим берүү министрлиги элдик педагогикадан маалыматтарды ыйман сабагы менен балдарга татыктуу мугалимдер аркылуу жеткирүү зарыл. Комплекстүү иш чараларды акыйкатчы, ИИМ, бейөкмөт органдар  менен биргелешип иштөө керек. Адамдын аң сезимин,деңгээлин, эң башкысы жоопкерчиликти көтөрүш керек.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз