Психолог: “Өспүрүм диний жактан даяр болсо дагы, жыныстык жактан даяр эмес”

173

Казакстандын Актау шаарында 15 жаштагы өспүрүмдөр үйлөнүп, тою  интернет тармагына жарыяланып, талкуу жаратты. Дегеле,15 жаштагы жаш жубайлар психологиялык, моралдык жактан канчалык деңгээлде даяр. Бул тууралуу FAKT.KG психолог Канышай Кожогелдиева менен маек курду.

-Канышай айым, айтсаңыз акыркы учурда чет өлкөлөрдө гана эмес ,биздин мамлекетибизде дагы, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үйлөнгөндөрдүн саны өсүүдө. Алар психологиялык жактан даярбы?

-Медицина тармагында эсепке ала турган болсок, бала да, кыз дагы даяр эмес.Ал эми психологиянын көз карашы менен караганда,үстүртөн даяр болгондой көрүнөт.Бирок,жалпысынан,алар жубай болууга,ата-эне болууга, үй-бүлөнүн көйгөйүн чечүүгө даяр эмес. Мунун жыйынтыгы жаш үй-бүлөнү ажыратууга алып келет.Анткени, үй-бүлөлүк жашоо эки адам менен гана чектелбейт.Кайнене, кайната деген бар.Алардын көңүлүн алуу керек.15 жаш эмес 20 жаштагы кыз балдар дагы үй-бүлө курганда эрте деп айткым келет.

-Көп учурда жаш балдар, кыздар ”Мен аны сүйөм, мен ансыз жашай албайм”- деп, ата-энесине доомат коюп үйлөнгөндөр дагы бар. Эгерде үйлөндүрбөй койсо, өзүн-өзү кол салууга баргандар аз эмес. Мындай учурда эмне кылуу керек?

-Өспүрүм балдарда көйгөй пайда болгондо, терең анализдегенге мүмкүнчүлүгү жок болот.” Сүйдүм,демек мен ага үйлөнүшүм керек”- деген жыйынтыкта тура беришет.Демек, алардын жанында жакшы түшүндүрө ала турган, туура сөз тандай ала алган, чоң адам болуусу керек.Ошондо гана бир аз түшүнүшүп, баш ийет болчу.Бирок, азыр андай адамдар жокко эсе.

Мындан башка дагы биздин маданиятыбызды бузуп жатат.

Мен дайыма айтып келем,биздин динге кирип кетишибиз  өтө терс таасирлерди берип жатат. Диний жактан өнүгүү жүрүп жатса эле, жыныстык жактан үй-бүлө курууга даяр деп кабыл алып жатышат.Чындап келгенде 15 жаштагы өспүрүмдүн организми толук өнүгүп бүтө элек.

fakt.kg

Бөлүшүңүз