Александр Крестинин: «Футболду мындай ойногон болбойт»

Кечээ, 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча  курама командасы  Тажикстан менен беттешип 1:0 эсебинде жеңилип калышкан.  Машыктыруучу Александр Крестининдин пикирин боюнча Кыргызстандын курамасы өздөрүн жакшы тараптан көрсөтө алган жок.

«Азия кубогунда бизде тартип бар эле. Тажикстанга каршы беттешкенде такыр башкача ойнодук. Эмнеге андай болгонун карап чыгабыз. Ооба, кээ бир оюнчулар келген жок, бирок команданын 3/4ү катышты. Футболду мындай ойногон болбойт. Биз туура эмес чабуулга чыгып жаттык», — дейт машыктыруучу.

Крестинин белгилегендей, алдын ала каршылаштардын оюнун изилдеп чыгышкан.

«Биз каршылашыбыздын акыркы 5 оюнун карап чыкканда, алар талаанын ортоңку бөлүгүнөн чабуулга чыгып жатышкан. Алардын алсыз тарабын билгендиктен, биз талаанын эки капталынан чабуулга чыгышыбыз керек эле. Бирок, оюнчулар эмнегедир ортоңку бөлүктөн чабуулга чыгып жатышты. Тажикстандын командасы биз күткөндөй эле ойношту», — деп кошумчалады Крестинин.

fakt.kg

Бөлүшүңүз