Өз атасы зордуктаган кыз: “Мектепке баргандан уялам”

1564

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы кызды өз атасы бир нече жолу зордуктаган. Өспүрүм 14-июлда өз атасынан төрөгөн. Психолог жабырлануучунун үйүнө келип болгон жардамын берүүдө. Мындан соң, учурда кыздын абалы кандай? Келечеги кандай болот деген, суроо менен FAKT.KG  Психолог, Үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунун жетекчиси Эрика Сманбекова менен маек курду.

-Эрика Тимуровна, учурда кыздын абалы кандай? Сиздер кандай жардам көрсөтө аласыздар?

-Бизден психология жана юридикалык жактан жардам болгондуктан, алгач эле жаңы төрөлгөн ымыркайдын күбөлүгүн алмаштырууга даярбыз.Мындан тышкары кыздын апасына жана туугандарына психологиялык жардам көрсөтөбүз.Анткени, кичүү кызын дагы атасы урчу экен.Сокулукка чейин жол алыс болгонуна байланыштуу, айыл өкмөт тарабынан транспорт берилет, апасы балдары менен бизге келип, психология жактан жардам ала алат.Кыз 8- классты гана аяктагандыктан, учурда 9 класстын аттестатын алып берүү көйгөй болуп жатат. Азыркы учурда мектеп директору менен дагы сүйлөшөйүн деп жатабыз. Кошумчалап кетчү нерсе, бул үй-бүлөгө азык-түлүк, кийим-кече жетишпейт экен. Учурда бир жакшы адам табылды. Ал азык-түлүк жактан жардам берээрин айтты. Биз спонсор изденүүнү улантабыз.

Кыз менен сүйлөшүп көргөндө эмнелерди айтып берди?

-Албетте абалы оор. Мектепке бара албайт экендигин билдирди. «Мектепке баргандан уялам» дейт. Бирок, курбулары, классташтары келип абалымды сурап турат дейт.Белгилеп кетчү нерсе, кыз мектепти жалаң беш деген баага окуйт экен.Тигүүчүлүккө кызыкканын айтты. Келечекте өз жашоосуна балта чааппашы үчүн, болгон жардамыбызды беребиз.

fakt.kg

Бөлүшүңүз