Жаманкулов: “Жалган маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчиликти арттыруу пландалууда”

Кыргызстанда жалган маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчиликти арттыруу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстанда жалган маалыматтарды таратуу» атындагы жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

 Анын айтымында, жалган маалыматтар диний, саясий жактан кырдаалды курчутуу үчүн жасалган материалдар. Кыргызстанда жалган маалыматтарга каршы иштеген механизмдерди иштеп чыгуу керек. Европа өлкөлөрүндө соцтармакта жайылтууга каршы мыйзам нормалары кабыл алынган.

Мисалы, кытай инвесторун кытайлык атайын бөлүктүн кызматы коргой тургандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул билдирүү бир адистин пикири болчу. Далил же расмий позициясы да эмес. Аягында бул маалымат жалган болуп чыкты, — деп белгиледи Жаманкулов.

Жакынкы күндөрү жалган маалыматтарга каршы чаралар көрүлүп, анын ичинде мыйзамдар да чыгарылат. Жооптуу адамдарга катуу чара көрүлөрү толук мүмкүн.

fakt.kg

Бөлүшүңүз