Кыргызстандан жасалма атыр жүктөлгөн автоунаа Саратовдон токтотулду

Россиянын Саратов шаарында бажы кызматкерлер белгилүү француз өндүрүүчүлөрдүн логотиби чапталган жасалма атырдын 2,3 миң флаконун жүктөп бара жаткан автоунааны токтотушкан. Ал автоунаа Кыргызстандан Россияга чыкканын «Саратов-Версиясы» басылмасы жазды.

Бажы кызматкерлердин мобилдик тобу «Chloe S.A.S жана 1100 — Yves Saint Laurent Parfums» продукциясынын 1216 флаконун табышкан . Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунда товарды Россияга жеткирүү үчүн укук ээсинин макулдугун тастыктаган документтер болгон эмес. Текшерүүүнүн жүрүшүндө бардык атырлардын сапаты төмөн жана жасалмалуулуктун белгилери болгондугу аныкталган.

«Белгилүү бренддердин укук ээлери жасалма продукцияга келтирилген зыянды 16,7 млн рублга баалашкан. Аталган факт боюнча Россия Федерациясынын 180-беренесинин (башка товардык белгинин мыйзамсыз пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду», — деп айтылат Саратов бажысынын маалымат кызматында.

fakt.kg

Бөлүшүңүз