Путин Абылгазиевге эмнеге таарынган…

933

Күздүн  келиши менен Кыргызстанда  саясат курчуп  баштайт. Эл арасында дагы өкмөттүн отставкага кетүүсү тууралуу талкуу жүрүүдө. Премьер-министр ким болот? Бабановдун өз мекенине кайтып келиши эмнеден кабар берет? Камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдор  акталабы? Деген суроолор коомчулукта кызуу талкуулангандыктан  FAKT.KG саясат талдоочу Марс Сариев менен маек курду.

-Марс Осмонкулович , эл арасында азыркы учурда өкмөттүн отставкага кетүү боюнча чоң талкуу жаралууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Туура айтасыз, өкмөт жакшы иштебей, отставкага кетери билинип калды. Муну Жогорку Кеңеште да депутаттар сөз кылып жатышат. Мухаммедкалый Абылгазиев ушуну сезип кыймылдай баштады. Бирок кеч болуп калбадыбы. Ушул жылдын март айында Россия президенти  Владимир Путин Кыргызстанга чоң долбоорлору менен келгенинде, премьер-министр Абылгазиевден эч кандай колдоо тапкан жок. Кыргызстандан бир эле кичи ГЭС сунуш болгондуктан, эмнегедир Россиянын делегациясы таарынгандай кеткен. Себеби, Путин жарым суткага эртерээк кетип, ал эми презентацияны көрсөткөнү келген ишкерлер кайрадан артка кетишти. Эгерде Бабанов премьер-министр болгонунда россиялык инвестициялар, чоң долбоорлор ишке ашырмак беле…

Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн кандай өкмөт башчы керек?

 -Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн эки жылы Атамбаев менен каршылашуу, коррупцияга каршы күрөшүү менен өтүп кетти. Ал эми экономикалык жактан өнүгүү жүрбөй, тескерисинче иши оңунан чыкпай калды. Азыр экономикалык жактан секирик жасоо мүмкүн эмес. Ал үчүн Зеленский жасагандай системанын баарын алмаштырып, бийлик вертикалын сындыруу керек. Бирок, бизде Украинадан айырмаланып кландар бар, аларды кантип сындырасың?! Ошондуктан Бабанов менен Текебаев алдында конструктивдүү  оппозиция болуп Атамбаевди колдогон элди өздөрүнө тартуу маселеси турат. Ошентип туруктуулук орнойт. Мындан башка дагы өкмөт түндүк жактан болушу керек. Анткени, Атамбаевди отургузгандан кийин бул маселе курчуп калбадыбы түндүк-түштүк болуп.

-Бабанов менен Текебаевден   кандай саясый  кадамдарды күтсөк болот?

-Жакында Бабановдун таза экендиги аныкталган соң, ал өзүнүн экономикалык идеяларын баштап, премьер-министр кызматына же келээрки  президенттик шайлоого даярданат. Бабановду эл колдойт. Ал эми Текебаев абактан чыгат. Ал бийлик үчүн баш оору болсо да, саясатта орду бар. Текебаевдин өз электораты бар, бирок, ал да тобокелдикке барбайт.

-Күзүндө саясатта кандай өзгөрүүлөр болот? Эмнени күтсөк болот.?

— Күзүндө парламент келип ишин баштайт. Саясий иштер  курчуйт. Андан кийин Абылгазиев отставкага кетет. Эгерде отставкага кетпесе соккунун бардыгы Жээнбековго тийет. Учурда президенттин мөөнөтү аяктаарына үч жыл калды. Бирок акыбал жакшы эмес. Эгерде Абылгазиевдин ордуна креативдүү премьер-министр алып келбесе, анда президенттин абалы оорлошу күтүлөт.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз