«Бишкекке кетем деп апасына кол көтөргөн бала»: Уулунун колун байлап, камчы менен сабаган ата-эне жазаланды

Талас облусунда  өспүрүм баласын камчы менен сабаган ата-эне коомдук жумуштарда иштөө менен жазаланды.Бул тууралуу соттон билдиришти.

(аттары өзгөүлгөн)

Айбек 2019-жылдын 14-майында  танкы саат 05:00 чамасында Талас районунун Арал айыл аймагындагы сарайда үй-бүлөлүк талаш тартыштан чыккан уруштун негизинде өзүнүн 16 жаштагы баласын К уулу Дны колун жип менен байлаган. Андан кийин аялы аны камчы менен уруп, денесине жеңил жаракат келтирген.

 Мындан соң сотто Айбек күнөөсүн мойнуна алып, окуя 14-майда баласы экөө багымдат намаздан келишкенден кийин болгондугун айтты.Үйгө келгенден кийин баласы “Бишкек шаарына кетем” дегенинен “Апаңды тургуз, акылдашалы” деп айткан. Апасы туруп баласына” Бишкеке барып эмне кыласың?Акча дагы жок болуп жатат”-деген. Баласы урушуп, апасына кол көтөрүп жиберген.Ошондуктан жини келип, баласынын колун жип менен байлап бергенден кийин апасы аны камчы менен урган.

Сот иштин материалдарын карап чыгып жубайларды жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Алар 40 саат  коомдук жумуштарга тартылат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз