Cот залына аудио жана видео байкоо системасы орнотулат

62

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР АМТ) маалыматтык автоматташтырылган тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйынга соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү катышышты.

Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгын кыдыруу учурунда Жеңиш Разаков сервердик жабдуулардын иши менен таанышып, прокуратура кызматкерлери жана маалыматтык автоматташтырылган тутумдун иштеп чыгуучулары менен мамлекеттик органдардын программалык продуктуларын интеграциялоо боюнча маселелерди талкуулашты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, аталган тутумдун сотко чейинки модулун, анын ичинде аналитикалык бөлүгүн тезинен ишке ашыруу зарыл.

Жеңиш Разаков ошондой эле сот тутумуна жазык мыйзамдарынын жаңы новеллаларын киргизүү боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар менен таанышуу максатында Бишкек шаардык сотуна жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барды.

Сот органдарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында сот залдарында орнотулган видеобайкоо тутумдарынын иши текшерилди. Бүгүнкү күнү аудио жана видео байкоо системасы 20 соттун 80 жыйын залында орнотулган. Дагы 77 залда ушуга окшош системаларды орнотуу пландалууда.

Мындан тышкары жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында ички иштер органдарындагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтык автоматташтырылган тутумуну иши менен таанышуу болду. Мониторингдин бул баскычында Жеңиш Разаков жана эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү ИИМдин Тергөө кызматына, Свердлов РИИБге жана Бишкек ШИИБге барышты.

Тутумду мындан ары карай өнүктүрүү жана анда иштөөгө укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Мониторингди жыйынтыктоо менен Жеңиш Разаков ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчтөндүрүү жана КЖБР АМТнын толук кандуу ишин тез арада камсыздоо, ошону менен бирге учурда бар ведомстволук маалымат базаларын КЖБР АМТга интеграциялоо зарылдыгы баса белгиленди.

Жеңиш Разаков президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан белгиленген маалыматтык автоматташтырылган тутумунунун айрым модулдарын баскычтуу киргизүү мөөнөттөрүн сактоо зарылдыгын көрсөттү.

fakt.kg

Бөлүшүңүз