Кыргызстандагы тоодо жоголгон казак альпинисттер табылган жок

Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолорунда жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кеткен аскердик альпинисттер кайтып келишти. Жоголгондордун өздөрү да, издери да табылган жок», — деп айтылат маалыматта.

19-августта алматалык альпинисттер Мурат Отепбаев менен Андрей Корнеев кардын «туткунунда» калганы белгилүү болгон. Алар 6600 метр бийиктен түшө албай калышканы болжолдонууда. Буга чейин алардын бири — Александр Чечулин өпкөсү шишип каза болгону маалымдалган.

Алар Жеңиш чокусуна болгон экспедицияны 4-августта баштап, акыркы жолу 16-августта байланышкан. Кечээ, 22-августта казакстандык куткаруучулар тик учак менен Жеңиш чокусунда издөө иштерин жүргүзүшкөн. Оң жыйынтык чыкпагандыктан бүгүн издөө иштери токтотулду

fakt.kg

Бөлүшүңүз