Мектептердеги окуу программасына компьютердик оюндарды сабак катары киргизүү сунушталды

79

Интернетти өнүктүрүү институту окуучулар үчүн киберспорттук дициплиналардын тизмесин сунуш кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Аталган институт Россиянын Билим берүүнү көзөмөлдөөчү мекемесине кат аркылуу кайрылып, тизмеге «Dota 2», «Hearthstone», «Dota Underlords», «FIFA 19», «World of Tanks» жана «Minecraft», «CodinGame» оюндарын кошкон.

Адистердин айтымында, компьютердик оюндар окуучунун билимин өстүрүп, команда менен иштешүүсүн камсыздайт. Ошондой эле абстрактуу ой жүгүртүүсүн, логикасын, реакцияга болгон ылдамдыгын, креативдүүлүгүн жөнгө салат.

Мындан тышкары, алардын популярдуулугун эске алып, иштеп чыккандарды колдоо иретинде окуучулардын жаш курагы 14 жаштан жогору болушу керек деп белгилешкен.

Белгилеп кетүүчү жагдай — тандалган оюндардын көпчүлүгү коомчулук тарабынан кабыл алынган, чоң турнирлерде ойнолуп, чемпиондуктар өткөрүлүп келе жаткан киберспорттук дициплиналар болуп эсептелинет.

Буга чейин аталган институт Россиянын Билим берүү министрлигине кайрылып аймактардагы мектептерге киберспорттук оюндарды эксперимент катары окутуп көрүүнү сунуштаган.


fakt.kg

Бөлүшүңүз