Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери

191

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келүүгө ниети бар экендигин кээ бир маалымат булактарына билдирген.

Бул маалыматтарга байланыштуу Башкы прокуратура Акаев Кыргызстанга келсе, суракка чакырылаарын билдирип, ага жана анын жакын туугандарына козголгон кылмыш иштерин тизмектеп берди.

 Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фонду боюнча, уулу Айдар Акаев, мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев жана башка адамдарга карата кылмыш иш козголгон.  Аталган адамдар мамлекетке  миллиондогон чыгым келтирилген. Айрым кылмыш иштер боюнча соттун өкүмү чыккан.

 «Мээрим» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында 30 кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян — 64 миллион сом. Ондогон имараттар жана башка мүлктөр мамлекетке кайтарылган.

Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев сырттан мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган. «Манас» эл аралык аэропортунун пайдасына 677,291 миллион сом (болжол менен 10 млн доллар) өндүрүүнү милдеттендирген.

Акаевдин уулу Айдар Акаевге карата 4 кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян — 3 млн доллар. Ошондой эле 11 кылмыш ишке түз жана кыйыр түрдө күнөөлүү экени далилдеген.

Аскар Акаевдин жакындарына карата  камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Ошондой эле Айдар Акаевге, күйөө баласы Адил Тойгонбаевге жана туугандарына издөө жарыяланган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, мыйзам боюнча  кылмыш кайсы жерде болсо, ошол жерде сот адилеттиги ишке ашырыларын көзөмөлдөнөт. Mac OS X) AppleWebKit/601.1.46 (KHTML, like Gecko) Version/9.0 Mobile/13B143 Safari

Бөлүшүңүз