Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Түркиянын клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу Алимардон Шукуров түркиялык футбол клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык спортчу «Болуспор» клубу үчүн ойномокчу. Ал клуб Түркиянын Биринчи лигасында ойнойт.

Келишим «2+1» системасы боюнча, башкача айтканда 2 жылга, кошумча 1 жылга узартуу укугу менен түзүлгөн.

fakt.kg

Бөлүшүңүз