Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль утушту

275

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 9 медалды утуп алышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жеңил атлетика боюнча федерациясы билдирет.

Мелдеш Ташкент шаарында 17-19-август күндөрү болуп өткөн.

Кыздар арасында Айнуска Калил кызы 800 метр жана 1 миң 500 метр аралыктагы жарышта чуркап, эки күмүш байге уткан. Самат Казакбаев 1 миң 500 жана 5 миң метр аралыкка жүгүрүп, экинчи орунду ээлеген. Данияр Арыпбеков да күмүш байгелүү болгон.

Эркин Шеров (200 метр) менен Михаил Солошенко (1 миң 500 метр) коло байге тагынышкан. Эркектер арасында 4×100 жана 4×400 эстафетасында Влад Полити, Мыктыбек Абдурасул, Тимур Исаков жана Эркин Шеров жарышка түшүп, үчүнчү болушкан.

fakt.kg

Бөлүшүңүз