Мас болуп алып кол алдындагы кызматкерди кубалаган жетекчи…

318
the boss yells at a subordinate. work and business. Pop art retro vector illustration

Акыркы мезгилде өлкөдө болгон ак, каранын баардыгын Президенттен көрүп, бир нерсе болсо эле аны күнөөлөп жатып калмайыбыз көбөйдү.

Өлкө 2010-жылдан эле парламенттик башкарууга өтүп, А.Атамбаевдин тушунда өкмөт башчынын укуктары көбөйгөнүн эч кимибиз тааныгыбыз келбейт. Чындыгында парламент  чимкиригин тарта албай жүрүп, мыйзамсыз болсо дагы демилгени Президентке алдырып жибергени айдан ачык көрүнүп турбайбы. Ошентип, мамлекетте “бардак” жаралып, кимге баш ийээрин билбей жүргөн ишканалардын саны арбын.

ИИМдин министринин орун басары А.Атамбаевдин эшигин сагалап кире албай жүргөндө (бийликтин  беделин түшүрбөй ойлонуп барбайбы) кээбир ишканалар өкмөттүн  көзөмөлүнөн эбак чыгып, өзүм билем өтүгүмдү төргө илем дешип, чалчаңдап жүргөн учурлары. Буга бир мисал катары  Соода-өндүрүштүк палата жөнүндө сөз кылалы.

Соода-өндүрүштүк палата (Торгово-промышленная палата) деген  Кыргызстандын бир белдүү, экономиканы көтөргөнгө салымын кошо алган ишканасы элдин, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып, коллектив өзүнчө чуу чыгарып, тапкандарын бөлүшө албай ызы чуу болбос эле. Соода-өндүрүштүк палатасы жөнүндөгү1994- жылдын 13-апрелинде кабыл алынган мыйзамынын негизинде «ТПП  является негосударственный организацией, призванной выражать и защищать интересы предпринимателей Республики ,содействовать  развитию национальной экономики, производственных ,научно-технических и торговых связей КР С другими странами» деп чоң үмүт артып, даана эмне иш кылаары көрүнүп турат.

Президент бизнес өнүктүрүү боюнча ар кандай аракетти көрүп жаткан учурда Соода-өндүрүштүк палатасынын өлкөгө канча инвестиция тартып, экономиканы көтөрүүдө кандай ири келишимдерге  кол коюлгандыктары  тууралуу маалымат жок. Канча мезгилден бери текшерүү жүрбөгөндүгүнөн, мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан, бир орунда отуз жылдап олтуруп, өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген жетекчилер өсүп чыкпас эле.

Ошонун кесепетинен Соода-өндүрүштүк палатасынын түштүк боюнча вице-президенти Эргешов Орозбек Сатимбаевич 34 жылдан бери бир орунду чеңгелдеп олтуруп, коллективи менен келише албай, ишкананы өз менчигиндей көрүп, кудайын дагы тааныбай олтургандыр .

Соода-өндүрүштүк палатасынын президенти М.Д Шаршекеевдин өтө катуу кармаган жери барбы же О. Эргешев менен “доляга” кирип оозу майланып, колу булганып калганбы? Түштүктөгү финансылык бузууларды коллектив арасындагы ызы-чууларды көрмөксөн, билмексен киши болуп жүрөт. Эки жолу текшерүү жөнөтсө, анысы “колун жылытып” кайра артына кайткан. Антпегенде, Соода-өндүрүштүк палатасына мүчө болуп киргендерден түшкөн акчадан кызматкерлерге сыйлык деп, 2018-жылы 90 миң сомду О.Эргешовдун  кымырып алганы билинет эле. Ушундай эле жол менен, сыйлык деп 2017-жылы келген 150 миң сом кимдин кулкумуна куюлуп кеткени элге анык болуп, жөнөкөй кызматкерлер сыйлык албай калышкан.  Кызматкерлердин 2012-жылдан бери сыйлык албай жүрүшкөнүнө караганда О. Эргешев бир топ эле акчаны “жеп койгондой” көрүнөт. Буга Жалал-Абадда  учётто турбай Бишкекте  турган О. Эргешевдин унаасына  унаа тетиктерине жана башкаларга, майга деп акча алып жүргөндөрүн эске алып финпол менен президент Шаршекеевдин текшере турган иштери арбын көрүнөт.

Айта берсе сөз көп. О.Эргешев  кол алдындагы кызматкерин сертификаттын эсебинен 20 миң доллар бербей койдуң деп, мас болуп алып кубалап жүргөнүн укканда жакаңды кармайсың. Ушунун өзү эле Эргешевдин ар бир бизнесменден сертификат үчүн 1000 сом сураганы кыйыр болсо да тастыкталып турбайбы. Эки күндүн биринде мас болуп алып, кадрларды алмаштыра бергенинен улам, коллектив өз ара эки үчкө бөлүнүп алышкан. Биринин ордуна бирин коюп,  акча ала берген акылга сыйбаган иш болсо керек. Кол алдындагыларын ушундай кыйын абалда тургандыгын Соода-өндүрүштүк палатанын президенти М.Д Шаршакеев билбей тургандыгы таң калтырат. Ал эмес, кээ бирде өзүнө өзү буйрук чыгарып, Бишкекке барды-келди кылып акча алып жүргөнүчү.

Өзбекстан, Тажикстан жана Россияда соода-өндүрүштүк палатанын экономиканы көтөрүүдөгү  ролун баалап, президенттерин баш кылып эбак эле алмаштырышкан. Бизде Шаршекеев ишти жолго коюп, соода-өндүрүш тармагын жандандыруунун ордуна О.Эргешевго өндүрүшкө эмгек сиңирген кызматкер  наамын алып берем деп чуркап жүргөндүгү кызыктырат. Бул бир эле мисал. Мындай таң калтырган жагдайлар көп. Жакында эле монополияга каршы кызматынын жетекчиси Жогорку Кеңештин отурумунда  “бааны ким аныктайт” деген депутаттын суроосуна биз эмес деп элдин оозун ачырды эле. Ал эми акча алууга келгенде бааны биз коёбуз деп төш кагышат. Мындай коррупцияга жол ачкан ишканаларды оңдоп түздөп коюуу өкмөттүн мойнунда. Өкмөт Жогорку Кеңешти, Президентти дагы элге жек көргөзбөй кетээр катындай болбой, эркекче отставкага кетиш керек.

Максат Ибрай

fakt.kg

Бөлүшүңүз