Атамбаев Конституциялык палатага кайрылды

860

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу журналисттерге Бул тууралуу КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, Палата укук коргоочунун арызын 5-июлда кабыл алган. 

«Биз Конституциялык палатага эки ирет кайрылдык. Биринчи ирет 7-июнда кайрылганбыз. «КР президентинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келбейт деп эсептейбиз. Бул кайрылуубуз өндүрүшкө алынды. Экинчи жолу 25-июнда Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн комиссия түзүү токтомуна каршылык билдирип кайрылганбыз», -деп билдирди Нурбек Касымбеков.

Экинчи кайрылууну Конституциялык палата 28-августтан кийин карап чыгат. 

fakt.kg

Бөлүшүңүз