Россиянын талаасынан кыргыз жарандары кармалды

1411

Кыргызстандын эки жараны Алтай аймагынан кармалды. Бул тууралуу «Тайга.инфо» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кармалган кыргыз жарандар жөө, мыйзамсыз түрдө Россиянын аймагына кирүүгө аракеттенген. Алар чек арачыларды алдайбыз деп арты менен басышкан. Бирок, баары бир кармалып калышкан. Россиянын чек арачыларына кыргыз жарандары жөнүндө казак тарап билдирген.

Кармалган кыргыз жарандарына кылмыш иши козголду.

fakt.kg 

Бөлүшүңүз