Салык кызматы транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө керектигин эскертти

176

2019-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

fakt.kg

Бөлүшүңүз