Кыргызстанда “Пара” деп атайын белги коюлган акчаны ким “жеп кетти”

2308

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарында чек арадан өтүп жаткан жүк ташыган унаалар боюнча көзөмөлдү күчөтүш үчүн Транспорт жана жол министри Бейшеновго тапшырган.

Президент ал жактан тапшырма берип жатса, бул жакта «Кемин» жана «Актилек» өткөрүү бекетинен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан инспекторлор кармалып, Транспорт жана жол министрлигин алдындагы агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратовду баш кылып, бөлүм башчылары Шабданалиев Нурбек жана Айбек Субанбековдор кошо кармалганы айтылып жатат.

Бизге жеткен маалымат боюнча, өткөрмө бекетте турган инспекторлор пара менен кармалышып, алар алган акчаны чоңдор менен бирге бөлүшүп келишкенин атайын Коррупция менен күрөшүү тарабынан өткөрүлгөн иш чарада аныкталган экен.

Бирок,  агенттиктин жетекчиси Анарбек Бекмуратовго «пара» деп белги коюлган акча негедир ортолукта жок болуп кеткен. Белгилей кетсек, ал акча атайын операция үчүн мамлекеттик бюджеттен алынган. Жыйынтыгында, коррупцияга каршы күрөшүү кызмат  тарабынан Бекмуратов менен бирге  4-июлда 9 адам саат 22:00дө кармалып, 5 сааттан кийин коё берилген. Бул жерде чындап эле
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан чындап эле мүчүлүштүктөр кетирилип ортолуктагы акча жоголгонбу же көз басты болуп иш жабылып кеттиби? Ал эми, Бекмуратов боюнча кылмыш иши козголгону да кабарланып жатат.

Эскерте кетсек, бул мекемедеги коррупциялык иштер Жогорку Кеңеште дагы айтылган.  Ар кандай маалыматтар далили менен чыгып келсе да, бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келген.

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын белгиленген акчаны дагы “жеп алган” Кыргызстанда эле болсо керек…

fakt.kg

Бөлүшүңүз