Депутат Жекшеевден «Тай союлганда кандай жилик алдыңыз?» деп сурады

1149

Камчыбек Жолдошбаев КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбековдун урматына той өткөрүлгөнүнө нааразы боду. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевден тай союлганда кандай жилик тийгендигине кызыкты.

“Илим Карыпбеков кызматтан кетип жатканда. КТРК чогулуп алып тай союп, той өткөрүптүр. Сизге ошол тайдан кандай жилик тийди эле? ”,-деп сурады.

Жыпар Жекшеев бул ушак экенин, эч кандай той болбогонун айтты.

«Менде чакырылган меймандарга тамак-аш таратылып жатканы тууралуу видео бар. Албетте, сизди ал жакка чакырышкан эмес. КТРК кандайдыр бир иш-чара уюштуруп, билет боюнча гана киргизишти. Сатыктан түшкөн акчанын отчету кайда? Сиздер уктап жатканча, салык кызматы бул маселе менен алектенүүдө», -деди депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз