Жекшеев: «Бир жагыбызда бийлик, дагы бир жагыбызда коомчулук турат…»

270

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын чындап эле мыйзамдагы статусуна шайкеш коомдук телеканалга айланталы десек, эл өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажбыз. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев Байкоочу кеңештин КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Байкоочу кеңештин башчысы «КТРК жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, КТРК коомдук статусу бар мамлекеттик ишкана болуп санала турган баса белгиледи. «Азыркы учурда КТРК – эӊ ири жана жападанжалгыз корпорация. Ошого карабастан, Кыргызстан санарипке өткөнү телеканалдардын ортосунда атаандаштык күчөдү. Атаандаштар – бери дегенде 50. Бир жагыбызда мамлекеттик бийлик, дагы бир жагыбызда коомчулук турат, теӊсалмакты сактоо кыйын болуп калды. Өз көрүүчүлөрүбүздү сактап калалы, телеканалды чындап эле мыйзамдагы статусуна шайкеш коомдук телеканалга айланталы деген ниетибиз бар, ал үчүн эл өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажбыз», — деди Жыпар Жекшеев.

Андан тышкары, Байкоочу кеӊештин мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөгөндүктөн, КТРКнын контентине толук байкоо жүргүзүп, тереӊ талдоо жүргүзүү кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтты. «Телеканалдардын материалдарына мониторинг жүргүзүү жумушу өтө чоӊ өлчөмдөгү каражатты талап кылат, бизде анча акча жок. Бул багытта эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», — деп жыйынтыктады өз баянын Жыпар Жекшеев.

Белгилей кетсек, КТРКнын азыркы Байкоочу кеӊешинин курамы 2017-жылдын апрель айында Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланган. Байкоочу кеӊешинин курамы 15 мүчөдөн турат: 5 мүчөсү Президент, 5 мүчөсү Жогорку Кеӊеш, 5 мүчөсү жарандык коом тарабынан сунушталат. Байкоочу кеӊеш отчеттук мехгил аралыгында өзүнүн 12 жыйынын өткөргөн.

Бөлүшүңүз