Москвада кыргызстандыктар бычакташып, бир бала каза болду

361

Россиянын Москва шаарында «Электрозаводская» метро массалык мушташ чыгып, жыйынтыгында 3 адам жаракат алып, бирөөсү каза болду. Алардын баары кыргызстандыктар. Бул тууралуу Московский комсомолец. жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эртең менен болгон. Кыргыз жарандар мас абалда урушкан. Алардын бири бычак менен 3 кишини жарадар кылып, бирөөнү өлтүрө сайган.

Күбөлөрдүн айтымында, мушташтын катышуучулары «Ысык-Көл» ресторанынан бир компания болуп чыгышкан. Алардын арасында пикир келишпестик жаралып, кесепети адам өлүмүнө алып келди.

Учурда аталган ресторан жабык турат, ал жакта полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Окуянын катышуучулары 20-22 жашта.

fakt.kg

Бөлүшүңүз