Жасалма документтерди саткан кылмыштуу топ кармалды (Видео)

725

Кыргызстанда жасалма документтерди даярдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери  бирөөнө документ берип, акча алып жаткан жаранды кармаган. Шектүүнүн жанынан далил катары 5 миң сом табылган.

Кармалгандар  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Карантиндик өсүмдүктөр департаментинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иштерди жасап келишкен. Тагыраагы, товарларды ЕАЭБ аймагына чыгаруу үчүн керектелген фитосанитардык сертификаттарды жана башка керектүү документтерди даярдап турушкан.

16-июнь күнү төрт шектүү кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери  жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз