Мурдагы министр жаңы кызматка дыйындалды

2248

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мира Жангарачева буга чейин бир катар мамлекеттик, анын ичинде губернатордун орун басары, министр, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз