Каржы тартибин бузганы үчүн бир дагы аткаминер кызматтан бошотулган эмес

473

Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда, депутат Азамат Арапбаев өткөн жылы бюджеттик каржы тартибин бузганы үчүн канча кызмат адамы кызматтан бошотулганына, андай жосундарга жол берген аткаминерлерге карата дагы кандай чаралар колдонулганына кызыкты.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, бюджеттик каржы тартибин бузганы үчүн бир дагы аткаминер кызматтан бошотулган эмес. «2018-жылы 2,4 млрд сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактысы аныкталды. Айрыкча эмгек акы төлөө, курулуш көлөмүн көбөйтүү жаатындагы тартип бузуулар жылдан-жылга кайталанып келет. Өкмөткө айрым аткаминерлерди кызматтан бошотуу сунушу менен кайрылганбыз, бирок аларга сөгүш берүү менен чектелип калышты», — деди ал.

Эсептөө палатасынын төрагасынын пикиринде, натыйжасыз коротулган бюджеттик каражаттардын ордун аткаминерлер кайра эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, өз чөнтөгүнөн толтурууга тийиш. «Өкмөт ушундай талап коюшу керек, ансыз мындай көндүм жосундардан кутулуу, андай аткаминерлерден арылуу кыйын», — деп кошумчалады Улукбек Марипов.

fakt.kg

Бөлүшүңүз