Баткенде тажик тарап такталбаган жерге жол куруп башатаган

Баткен облусундагы Там-Тумшук айылында жолдун айынын кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Азыркы учурда абал туруктуу. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тажик тарап такталбаган аймакка жол курууга аракет кылышкан. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары калкка түшүндүүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Чек ара өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгон соң, курулуш иштери токтотулган. Учурда районда абал туруктуу.

fakt.kg

Бөлүшүңүз