Templates by BIGtheme NET

Алмазбек Атамбаев Ислам кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Ияд бин Амин Мадани менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда биздин өлкөгө расмий иш сапар менен келген  Ислам кызматташтык уюмунуАтамбаевн Башкы катчысы Ияд бин Амин Мадани менен жолукту.

Жолугушууда Ислам кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери, региондук коопсуздукту камсыз кылуу жана азыркы коркунучтарга каршы мындан аркы чогуу аракеттенүүнүн маанилүү багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Ислам кызматташтык уюму менен өз ара аракеттенүү ишине зор маани берерин жана мусулман өлкөлөрү арасында тилектештикке, биримдикке жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган милдеттер менен максаттарды колдорун белгиледи.

ИКУнун Башкы катчысы Ияд бин Амин Мадани  бардык катышуучу өлкөлөрдүн өз ара аракетинин орчундуу багыттары боюнча диалог жана бардык жактын таламдарын эске алуу Уюмдун негизги милдети болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, ИКУ Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкты жандандырууга маани берет жана чоң үмүт артат.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful