Тышкы иштер министрлиги Түркия элчисинин ызы-чуусу боюнча жооп берди

214

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ооз ачаардагы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси чыгарган ызы-чуу боюнча комментарий берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ.

Соңку жылы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын аркасы менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданып, жаңы деңгээлге чыккан. Кызматташуу менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн. 8-майда Түркиянын КРдагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн бир туугандык мамилеге таасирин тийгизбейт.

Эскерте кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил  муфтияттын ифтарында чатак чыгарган. Ал «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, жини келип ызы-чуу салып, чыгып кеткен. .

fakt.kg

Бөлүшүңүз