Тышкы иштер министрлигиндеги кадрдык өзгөрүү

203

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КР ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Буйругу менен дайындалган “Кыргыздипсервис” Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын жаңы Башкы директорун – Султанов Талант Кушчубаевичти тааныштырды.

Султанов Т.К. буга чейин КР Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин Директору кызматын аркалап келген.

Ошондой эле министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Маалымат департаментинин жаңы Директорун-КР ТИМдин расмий өкүлүн — Дыйканбаев Уланбек Ыдырысовичти тааныштырды.

fakt.kg