Депутат: “345 миллион сом уурдагандар, биз да уурдап кетиши мүмкүн”

510

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ишти баштабай туруп өздөрүнө ири суммадагы айлык чегерген “КТ Мобайл” ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Бул сунушту депутат Рыскелди Момбеков дагы колдоду.

Улуу рамазан айында үн чыкпай коеюн дегенмин. Бирок, эрендер алган айлыгын көрүп мен айта албай кое албадым. Үйгө да жата албай койдум. Чакалайдын чак түшүндө 345 миллион сом акчаны уурдап жатса, биз ун чыкпай отура берсек, биздин өзүбүздү дагы уурдап кетиши мүмкүн. Буга чейин “Кыргызтелекомдогу” кыңыр иштерди айтып чыкканда, эч ким көңүл бурбай койгонун болчу. Ошол эле кезде “КТ Мобайл” жетекчилеринин айлык акысы боюнча маалыматка өкмөт реакция кылган жок деп” айтты депутат Рыскелди Момбеков.

“КТ Мобайл” “Кыргызтелекомго” караштуу ишкана. Ал “Мегаком” брендин алып жүргөн “Альфа Телеком” менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык “Мегаком” өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компания ортосунда келишпестик чыкканы ачыкка чыккан. Көп өтпөй Интернетке “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. 

Fakt.kg

Бөлүшүңүз