Кайым айтышкан депутат менен Чубак ажы элдешти

305

Мурда бири бирине таарынышкан депутат Жанар Акаев менен Чубак ажы Жалилов ооз ачарга чогу барышты. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев жазып чыкты.

“Орозо-айлардын султаны деген сөз бар. Алтынбек Сулайманов агабыз белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов экөөбүздү ооз ачаарга чакырып, абдан жылуу баарлаштык. Элибиз терең урматтап, сыйлаган Чубак ажы агабызга да, Алтынбек агабызга да жакшы кеп-кеңеш, жылуу сөздөрү үчүн алкыш айтам. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт»,-дейт, «Эр чекишпей бекишпейт»,-дегендей, элге ак ниет кызмат кылуу максатыбыз баарыбызды бир столго, бир дасторконго бириктирет эмеспи. Жакшы ниет-жарым ырыс. Баарыңыздардын орозоңуздар кабыл болсун, өлкөбүздө ынтымак, ырашкерлик болсун”,-деп жазды депутат Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги «Ѳнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеп жаткан жума намазы үчүн түшкү эс алуунун эки саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкуулар эми парламенттен сыртка чыгып коомчулуктагы кызуу талаштын бутасына айланууда. Комитетте каралган учурда бул мыйзам долбоорун көпчүлүк комитет мүчөлөрү колдобой койгон эле. Алардын арасында депутат Жанар Акаев дагы бар болчу.

Андан соң бул боюнча мурдагы муфтий, белгилүү динаятчы Чубак ажы Жалиловдун интернетке жайгаштырган ачуу пикиринен кийин социалдык тармактарда жаатташып, экиге бөлүнүп кайым айтышуулар күчөгөн.

Чубак ажы Жалилов Жанар Акаев менен учурашпай тургандыгын жана бир столдо отурбай тургандыгын билдирген. Жанар Акаев жооп катары “Чубак ажы Жалилов өзүн кудайдан кийинки адам сезе баштаган экен”,- деп билдирген.

fakt.kg

Бөлүшүңүз