Кыргызстанда мурдагы министр камакка алынды

277

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы министри Динара Сагинбава камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мурдагы министр криминалдык чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган.

ИИМ бул тууралуу маалымат бере элек.

2019-жылы 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Азиз Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. 

Эскерет кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Fakt.kg